Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Нурабад айылдык кеңешинин «Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 1996-жылдын 04-апрелиндеги № 21 жана 1998-жылдын 20-июлундагы № 45 чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» токтому
НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы 2023-жылдын 22-ноябры №19-05 Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 1996-жылдын 04-апрелиндеги № 21 жана 1998-жылдын 20-июлундагы № 45 чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө Нурабад айыл өкмөтүнүн Кайрагач-Арык айылында жайгашкан жер тилкелерине турак жай куруу үчүн жер участогун ажыратып берүү боюнча Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 04.04.1996-жылдагы № 21 чечиминин тизмесине ылайык Өзбекстан Республикасынын жараны 04.02.1963-жыл туулган Исаков Розивай Абдураззакович киргизилип идентификациялык номерлери 5-02-08-10010253 , 5-02-08-1001-0158 болгон эки жер тилкеси жана 20.07.1998-жылдагы Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн № 45 чечиминин тизмесине ылайык Өзбекстан Республикасынын жараны 01.04.1976-жылда туулган Мухаммедов Аброрбек Махмудович киргизилип идентификациялык номерлери 5-02-08-1001-0254 жер тилкелери берилип кеткендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы “Жер Кодекси” жөнүндө 45-Мыйзамынын 5-статьясына ылайык , Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Араван райондук бөлүмүнүн 18.10.2023-жылдагы 03-31/119 сандуу катын, Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 17-январындагы № 28-Мыйзамы менен Нурабад айыл өкмөтү Тепе-Коргон айыл өкмөтүнөн бөлүнүп , өз алдынча айыл өкмөт болуп түзүлгөндүгүн эске алуу менен Нурабад өкмөтүнүн сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 04.04.1996-жылдын № 21 чечиминин тизмесине өзгөртүүлөр киргизилип, Өзбекстан Республикасы жараны 04.02.1963-жылда туулган Исаков Розивай Абдураззаковичти тизмеден чыгарууга макулдук берилсин.
2. Өзбекстан Республикасынын жараны 01.04.1976-жылда туулган Мухаммедов Аброрбек Махмудовичке жер тилкеси берилип кеткендигине байланыштуу Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 20.07.1998-жылдагы № 45 чечимин жокко чыгарууга макулдук берилсин.
3. Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 1996-жылдын 04-апрелиндеги № 21 чечиминин тизмесиндеги Кыргыз Республикасынын жарандары боюнча калган тизме өзгөртүүсүз калтырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Н. Махамматов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.