# Нурабад айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-ноябрындагы № 19-02 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-августундагы №413-т тескемесин аткарууга алуу максатында Нурабад айыл өкмөтүнун жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкеси жана жол боюндагы жерлерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар Министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Нурабад айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-ноябрындагы № 19-02 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-августундагы №413-т тескемесин аткарууга алуу максатында Нурабад айыл өкмөтүнун жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкеси жана жол боюндагы жерлерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар Министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 19-02
- Дата принятия: 22.11.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.11.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000177>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22788/edition/997/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.11.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Нурабад айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-ноябрындагы № 19-02 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-августундагы №413-т тескемесин аткарууга алуу максатында Нурабад айыл өкмөтүнун жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкеси жана жол боюндагы жерлерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар Министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (ред. от 22.11.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000177

---

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы 2023-жылдын 22-ноябры №19-02 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-августундагы №413-т тескемесин аткарууга алуу максатында Нурабад айыл өкмөтүнун жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкеси жана жол боюндагы жерлерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар Министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-августундагы №413-т тескемесин аткарууга алуу максатында Нурабад айыл өкмөтүнүн жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкесин жана жол боюндагы жерлерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар Министрлигине өткөрүп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши, токтом кылат:

1. Нурабад айыл өкмөтүнүн жалпы пайдалануудагы Уйгур-Абад-Лангар-Тепе-Коргон жолунан 400 метр жана Ноокат-Араван-Тепе-Коргон жолунан 41-кмден 49-кмге чейин 8 км болгон автомобиль жолдорунун жол тилкесин жана жол боюндагы жерлерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар Министрлигине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Нурабад айыл өкмөтүнүн жалпы пайдалануудагы Уйгур-Абад-Лангар-Тепе-Коргон жолунан 400 метр жана Ноокат-Араван-Тепе-Коргон жолунан 41-кмден 49-кмге чейин 8 км болгон автомабиль жолдорунун жол тилкеси жана жол боюндагы жерлерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар Министрлигине өткөрүп берүүдө тийиштүү иш чаралар айыл өкмөтү тарабынан алып барылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Н. Махамматов
