Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кыргыз-Ата айылдык кенешинин 26.01.2023-жылдагы № 15-7 «Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жайгашкан муниципалдык мекеме-ишканалардын электр энергиясына жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2023-жылга керектөөчү электр энергиясынын чыгымдарын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Т О К Т О М
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги он бешинчи сессиясы
2023-жылдын 26-январы № 15-7
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жайгашкан муниципалдык мекеме-ишканалардын электр энергиясына жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2023-жылга керектөөчү электр энергиясынын чыгымдарын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айылаймагындагы жайгашкан муниципалдык мекеме-ишканалардын электр энергиясына жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2023-жылга керектөөчү электр энергиясынын чыгымдарын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 126 токтомуна ылайык депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
Кыргыз-Ата айылаймагындагы жайгашкан муниципалдык мекеме-
ишканалардын электр энергиясына жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2023-жылга лимит 1230,0 кВт/с өлчөмүндө бекитилсин.
Кыргыз-Ата айылаймагындагы жайгашкан муниципалдык мекеме-
ишканалардын жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна көрсөтүлгөн электр энергиясынын лимитинен белгиленген өлчөмүнөн ашырбоо жагы тиешелүү мекеме-ишкана жетекчилерине милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин айылдын инфрастурктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Женишбай у. Э
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.