Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Миң-Куш айыл аймагындагы Кызыл-Коргон айылындагы “Сайнап-Уултай” бала бакчасынын ата-энелер тарабынан төлөнүүчү акча каражатын өзгөртүү жөнүндө» токтому
МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIΙI-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 5 – сессиясы 2023-жылдын 18-декабрындагы № 8-5-3
Миң-Куш айыл аймагындагы Кызыл-Коргон айылындагы “Сайнап-Уултай” бала бакчасынын ата-энелер тарабынан төлөнүүчү акча каражатын өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-декабрындагы №114 мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун негизинде, Миң-Куш айыл аймагындагы Кызыл-Коргон айылындагы “Сайнап-Уултай” бала бакчасынын ата-энелер тарабынан төлөнүүчү акча каражатын көтөрүү боюнча сунушту карап чыгып, сессияда талкуулап Миң-Куш айылдык кеңеши токтом кылат:
Миң-Куш аймагындагы Кызыл-Коргон айылындагы “Сайнап-Уултай” бала бакчасынын ата-энелер тарабынан төлөнүүчү акча каражатын ар бир балага 500 сомдон 800 сомго көтөрүлсүн. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Миң-Куш айыл өкмөт башчысына тапшырылсын. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веп-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага
Д.Т.Абдыралиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.