# Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин2016 жылдын 2 августундагы 43/175 "Баткен областынын Кызыл-Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл–Кыя шаарынын мэрин шайлоо боюнча протоколу жѳнүндѳ"токтому.

- Полное наименование: Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин2016 жылдын 2 августундагы 43/175 "Баткен областынын Кызыл-Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл–Кыя шаарынын мэрин шайлоо боюнча протоколу жѳнүндѳ"токтому.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 43/175
- Дата принятия: 02.08.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 02.08.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/229935>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-25313/edition/756334/ru>

> Текст приведён по редакции от 02.08.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин2016 жылдын 2 августундагы 43/175 "Баткен областынын Кызыл-Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл–Кыя шаарынын мэрин шайлоо боюнча протоколу жѳнүндѳ"токтому. (ред. от 02.08.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/229935

---

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016 жылдын 2 августу 43/175 Баткен областынын Кызыл-Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл–Кыя шаарынын мэрин шайлоо боюнча протоколу жѳнүндѳ. Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пунктуна, 43-беренесинин 3-жана 4-бѳлүктѳрүнѳ негиз, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 14-июлундагы №128 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы №424 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жѳнүндѳ” Жобого ылайык, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен областынын Кызыл-Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 2-августундагы Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ протоколдору бекитилсин.

2. Ушул токтомдун бир нускасы Кызыл-Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

Тѳрага

А.Маткалыков
