# Чет-Нура айылдык кеңешинин 2014 жылдын 20 мартындагы № 11\\1 "Ийри-Суу айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө"токтому

- Полное наименование: Чет-Нура айылдык кеңешинин 2014 жылдын 20 мартындагы № 11\\1 "Ийри-Суу айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө"токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 11/1
- Дата принятия: 20.03.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.03.2014
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/229916>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-25294/edition/755923/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.03.2014 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чет-Нура айылдык кеңешинин 2014 жылдын 20 мартындагы № 11\\1 "Ийри-Суу айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө"токтому (ред. от 20.03.2014) - https://aqlex.ai/kg/doc/229916

---

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXVI чакырылышынын XI сессиясы

2014 жылдын 20 марты № 11\\1 Ийри-Суу айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө Ийри-Суу айылынын тургундарынын үлүшкө тийген жерлеринин тоюттуулугу аз болгондуктан , атайын жерлерди айыл өкмөт менен келишим түзүп пайдаланып келишкен. Келишимдин мөөнөтү бүткөндүктөн жаңы мыйзам боюнча жайыт комитетинин «Кыргыз Республикасынын жайыт ресурстарын пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндөгү» 13.09.2013-жылдагы № 515 токтомунун 5-пунктунун 18 беренесиндеги б пунктундагы көрсөткөндөй өздөштүрүп алган жерлерин мыйзамдаштырып берүү жагын сурашкан. Жогорудагылардын негизинде Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ийри-Суу айылынын тургундарынын арызы канааттандырылсын.

2. Чөп чабынды катары пайдаланып жүргөн жерлери мыйзамга ылайык келишимдин негизинде берилсин.

3. Ийри-Суу айылынын дыйкан-чарба башчыларына иш планга ылайык элдик токтомду эске алуу менен көчүү-конуу маселесин так аткаруу жагы милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткаруу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновго, жер комиссиясына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, токой чарба, суу чарба, жашылдындыруу, көрктөндүрүү, энергетика жана өз алдынча башкаруу боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Ж.Жакыпов
