Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Чет-Нура айылдык кеңешинин 2014 жылдын 20 мартындагы № 11\1 «Ийри-Суу айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө»токтому
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXVI чакырылышынын XI сессиясы
2014 жылдын 20 марты № 11\1 Ийри-Суу айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө Ийри-Суу айылынын тургундарынын үлүшкө тийген жерлеринин тоюттуулугу аз болгондуктан , атайын жерлерди айыл өкмөт менен келишим түзүп пайдаланып келишкен. Келишимдин мөөнөтү бүткөндүктөн жаңы мыйзам боюнча жайыт комитетинин «Кыргыз Республикасынын жайыт ресурстарын пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндөгү» 13.09.2013-жылдагы № 515 токтомунун 5-пунктунун 18 беренесиндеги б пунктундагы көрсөткөндөй өздөштүрүп алган жерлерин мыйзамдаштырып берүү жагын сурашкан. Жогорудагылардын негизинде Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ийри-Суу айылынын тургундарынын арызы канааттандырылсын.
2. Чөп чабынды катары пайдаланып жүргөн жерлери мыйзамга ылайык келишимдин негизинде берилсин.
3. Ийри-Суу айылынын дыйкан-чарба башчыларына иш планга ылайык элдик токтомду эске алуу менен көчүү-конуу маселесин так аткаруу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткаруу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновго, жер комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, токой чарба, суу чарба, жашылдындыруу, көрктөндүрүү, энергетика жана өз алдынча башкаруу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Ж.Жакыпов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Постановление Правительства КР от 13 сентября 2013 года № 515 "О порядке предоставления права пользования пастбищными ресурсами в иных целях, не связанных с выпасом скота"Постановление · 13.09.2013 · № 515 · Утратил силу