# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016-жылдын 22-июнундагы № 01-05/ 256 "Сулейманова Фатиманын арызы жөнүндө"токтому

- Полное наименование: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016-жылдын 22-июнундагы № 01-05/ 256 "Сулейманова Фатиманын арызы жөнүндө"токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 07-05/256
- Дата принятия: 22.06.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.06.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/229867>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-25245/edition/769489/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.06.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016-жылдын 22-июнундагы № 01-05/ 256 "Сулейманова Фатиманын арызы жөнүндө"токтому (ред. от 22.06.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/229867

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 22-июну № 01-05/ 256 Сулейманова Фатиманын арызы жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Монтажная №2/1 үйүнүн тургуну Сулейманова Фатиманын жашап жаткан үйүнүн бөлмөсүнүн пайдалануу багытын дүкөн үчүн өзгөртүүгө уруксат сураган арызын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №252 токтому менен бекитилген Жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген типтүү Жобого негиз ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын Монтажная №2/1 үйүнүн тургуну Сулейманова Фатиманын арызы канааттандырылсын.

2. Пайдалануу багытын өзгөртүүгө бардык иш- кагаздарды даярдап берүү жагы райондук шааркурулушу жана архитектура Башкармасынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .

Кочкор-Ата шаардык кеӊешинин төрагасы

Ж.Токтосунов
