# Ат-Башы айылдык кеңешинин 2015-жылдын 10-декабрындагы № 23-6 "Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын 2015-жылдын 03-декабрындагы чыгыш № 08-1558 сандуу каты жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ат-Башы айылдык кеңешинин 2015-жылдын 10-декабрындагы № 23-6 "Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын 2015-жылдын 03-декабрындагы чыгыш № 08-1558 сандуу каты жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 23-6
- Дата принятия: 10.12.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 10.12.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/229787>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-25165/edition/698983/ru>

> Текст приведён по редакции от 10.12.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ат-Башы айылдык кеңешинин 2015-жылдын 10-декабрындагы № 23-6 "Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын 2015-жылдын 03-декабрындагы чыгыш № 08-1558 сандуу каты жөнүндө" токтому (ред. от 10.12.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/229787

---

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз ХХIII сессиясы

2015-жылдын 10-декабры № 23-6 Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын 2015-жылдын 03-декабрындагы чыгыш № 08-1558 сандуу каты жөнүндө Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын 2015-жылдын 03-декабрындагы чыгыш № 08-1558 сандуу каты жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Г. Миңбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренисине ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлердин, жер тилкесин пайдаланууга Кз зоналдык коэффиценти айылдык Кеңештин 2013-жылдагы токтому боюнча өзгөрүүсүз калтырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын «Салык эмес төлөмдөр» жөнүндөгү мыйзамынын 12-1 беренесине ылайык тазалык жыйым ар бир түтүнгө 100 (жүз) сомдон , аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө 50 (элүү) сомдон бекитилсин, ошондой эле I, II топтогу ден- соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген майыптарга жеңилдик берилсин.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын колго алуу жагы айыл өкмөттүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси Г.Миңбаевага милдеттендирилсин.

Төрага

К.Айдыралиев
