Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин «Кызыл–Кыя шаарынын аймагында 2016–жылга жер салыктарын жана мүлккө салыктардын 1,2,3 топторун киргизүү жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 17-декабры № 36/146 Кызыл–Кыя шаарынын аймагында 2016–жылга жер салыктарын жана мүлккө салыктардын 1,2,3 топторун киргизүү жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2008–жылдын 17–октябрындагы №231 Мыйзамынын 3–беренесине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 3–беренесинин 3–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча чечимин, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин жооптуу катчысы Р.Абдукаюмовдун 2015-жылдын 22-октябрындагы “Кызыл-Кыя шаарынын аймагында 2016-жылга жер салыктарын жана мүлккө салыктардын 1,2,3 топторун киргизүү жөнүндө” кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаарынын 2016–жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын аймагында 2016–жылга жер салыктары жана мүлккө салыктардын 1,2,3 топтору киргизилсин.
2. Милдеттендирилсин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Кызыл–Кыя шаары боюнча башкармалыгынын жетекчилигине (М.Б.Сагинбаевге) Кызыл–Кыя шаарынын аймагында 2016–жылга жер салыктарын жана мүлккө салыктарды толук жана сапаттуу чогултууну камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А.Маткалыков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 3
Связанные документы (3)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Налоговый кодекс КРКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Утратил силу
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу
- Закон «О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики»Закон · 17.10.2008 · № 231 · Утратил силу