Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Талас шаардык кеңешинин «Талас шаарында тынч чогулуштарды Э.Кутманалиев атындагы борбордук стадионго өткөрүүгө макулдук жөнүндө» токтому
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XXVII сессиясы
2015-жылдын 3-ноябры № 223/27-6 Талас шаарында тынч чогулуштарды Э.Кутманалиев атындагы борбордук стадионго өткөрүүгө макулдук жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүмү, «Кыргыз Республикасынын Тынч чогулуштар жөнүндө» Мыйзамынын 12-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 30.10.2015-жылдагы №01-5/1298 чыгыш сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Талас шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарына, мектепке чейинки балдарга билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарына жакын тынч чогулуштарды өткөрүүгө тыюу салуу максатында Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын борбордук Ч.Айтматов аянтында батыштан чыгышка карай Ж.Мырзалиев көчөсүнөн Ч.Сатаев көчөсүнө чейинки аралыкта тынч чогулуштарды(митингдерди) өткөрүүгө мыйзам чегинде тыюу салынсын жана тынч чогулуштар Э.Кутманалиев атындагы борбордук стадиондо гана өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын башчысы-мэрине (А.Кушубеков) тапшырылсын.
Төрага
А. Джузупбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 2
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О мирных собраниях»Закон · 23.05.2012 · № 64
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу