Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ырыс айылдык кеңешинин «Жаран Абылкасымов Заирбектин арызын канааттандыруу жөнүндө» токтому
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ЫРЫС АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XIX СЕССИЯСЫ
2015-жылдын 10-ноябры № 19/5 Жаран Абылкасымов Заирбектин арызын канааттандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12,13,25-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571 токтому менен бекитилген жобого ылайык, Ырыс айыл өкмөтүнүн суу жана айыл чарба жерлери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун депутаттар сессияда талкуулап, жаран Абылкасымов Заирбектин арызын канааттандыруу максатында Ырыс айыл кеңеши: Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 21.09.2009-жылдагы № 1953 сандуу токтомунда жаран Абылкасымов Заирбекке жеңил типтеги мал сарай куруу үчүн жер ажыратылып берүү жөнүндө Ырыс айыл өкмөтүнүн 26.12.2008-жылдагы № 412 буйругу бекитилип берилген. Бирок тилеке каршы курулуш куруу үчүн ажыратылган 0.15 га жер аянты картографиялык материалдарында көрсөтүлгөндөй жер көчкүсүнө жакын жайгашкандыктан башка коопсуз жерге, айыл чарбасына жараксыз жерге которууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Багишевке милдеттендирилсин.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага
Т.М. Атакулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 2
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Постановление Правительства КР от 23 сентября 2011 года № 571 "Об утверждении Типового положения о порядке и условиях возмездного предоставления прав собственности или аренды на…Постановление · 23.09.2011 · № 571
- Земельный кодекс КРКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Утратил силу