# Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин 2015-жылдын 11-ноябрындагы № 25/9 "Көк-Жаңгак шаардын мэринин № 129-0 10.11.2015-ж.кайрылуу каты жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин 2015-жылдын 11-ноябрындагы № 25/9 "Көк-Жаңгак шаардын мэринин № 129-0 10.11.2015-ж.кайрылуу каты жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 25/9
- Дата принятия: 11.11.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.11.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/229415>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-24798/edition/688746/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.11.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин 2015-жылдын 11-ноябрындагы № 25/9 "Көк-Жаңгак шаардын мэринин № 129-0 10.11.2015-ж.кайрылуу каты жөнүндө" токтому (ред. от 11.11.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/229415

---

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI чакырылыштагы) кезектеги ХХV сессиясы

2015-жылдын 11-ноябры № 25/9 Көк-Жаңгак шаардын мэринин № 129-0 10.11.2015-ж.кайрылуу каты жөнүндө Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардын мэри Ж.Юсуповдун № 129-0 10.11.2015-жылдагы кайрылуусун жана Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 08.05.2006-жылдагы 10/3 кабыл алынган токтом менен таанышып мурдагы шаардын базарынын жер участогун муниципалдык менчике кайтарып алуу жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI чакырылыштагы) кезектеги ХХV сессиясы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 10- беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын 08.05.2006-жылдагы Х-сессиясынын 10/3 кабыл алынган токтому жокко чыгарылсын.

2. Жер участогу Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571 токтомуна ылайык «Көк-Жаңгак кыймылы» коомдук бирикмесинин кайрылуу катындагы маселе шаардын жер комиссиясында мыйзамдуу турдо каралып чечилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Ж.Юсуповго жана Көк-Жаңгак шаардык экономика-өндуруш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссияга (Т.Айтиевге) тапшырылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

К. Курбанов
