Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин «Кызыл–Кыя шаарынын 2016–жылга мекеме–ишканалардын, жеке ишкерлердин жана атуулдардын шаардын аймагындагы жерлерди пайдалангандыктары үчүн зоналдык К3 – коэффициенти жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 20-октябры № 35/133 Кызыл–Кыя шаарынын 2016–жылга мекеме–ишканалардын, жеке ишкерлердин жана атуулдардын шаардын аймагындагы жерлерди пайдалангандыктары үчүн зоналдык К3 – коэффициенти жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2008–жылдын 17–октябрындагы №231 Мыйзамынын 3–беренесине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339–беренесинин 4–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, маселени сессияга сунуштоо боюнча 2015–жылдын 8–октябрындагы №46 протоколунунун чечимин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Кызыл–Кыя шаары боюнча башкармалыгынын 2015–жылдын 21–сентябрындагы №031/15/07–4/4643 маалымат катын эске алып, Кызыл–Кыя шаарынын 2016–жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын 2016–жылга мекеме–ишканалардын, жеке ишкерлердин жана атуулдардын шаардын аймагындагы жерлерди пайдалангандыктары үчүн зоналдык К3–коэффициенти жалпы шаар жана шаарга караштуу айылдар боюнча бардык экономикалык–пландаштыруу зоналарга бирдей 1,0(бир) өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча жана коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага
А. Маткалыков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 3
Связанные документы (3)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Налоговый кодекс КРКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Утратил силу
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу
- Закон «О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики»Закон · 17.10.2008 · № 231 · Утратил силу