Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин «Майлуу-Суу шаардык үлүштүк (дем берүүчү) комиссия түзүү жөнүндө» токтому
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2015-жылдын 14-октябры № 14-7-2 Майлуу-Суу шаардык үлүштүк (дем берүүчү) комиссия түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 “Үлүштүк (дем брүүчүү) гранттардын эсебинен долбоорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтому жөнүндө маалым катын карап, талкуулап чыгып, депутаттардын сунушун угуп, Майлуу-Суу шаардык кеңештин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын үлүштүк (дем берүүчүү) гранттардын эсебинен каржылоонун механизмин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 “Үлүштүк (дем брүүчүү) граннтардын эсебинен долбоорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтомун аткаруу максатында, Майлуу-Суу шаардык үлүштүк (дем берүүчү) комиссия түзүлсүн.
2. Майлуу-Суу шаардык үлүштүк (дем берүүчү) комиссияны түзүү, курамын аныктоо жана бекитүүсүн мэрдин милдетин аткаруучу (З.Расулов) менен биргеликте (Р.Бакалаевге) жүктөлсүн.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине (Д.Караева) жөнөтүлсүн.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча комиссиясына (А.Оморов) жана Майлуу-Суу шаардын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу (З.Расуловко) жүктөлсүн
Төрага
Р.К. Бакалаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 21 апреля 2015 года № 230 "Об утверждении Положения об отборе и финансировании проектов за счет долевых (стимулирующих) грантов и Инструкции по…Постановление · 21.04.2015 · № 230 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике»Закон · 11.06.1998 · № 78 · Утратил силу