Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ат-Башы айылдык кеңешинин «Ат-Башы суу каналдар ишканасын Ат-Башы айыл өкмөтүнүн карамагына алуу жөнүндө» токтому
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги ХVII сессиясы
2015-жылдын 18-февралы № 17/4
Ат-Башы суу каналдар ишканасын Ат-Башы айыл өкмөтүнүн карамагына алуу жөнүндө Ат-Башы суу каналдар ишканасын Ат-Башы айыл өкмөтүнүн карамагына алуу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жыл 2-февралдагы № 59 токтомуна ылайык, Ат-Башы суу каналдар ишканасы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алынсын
2. Тиешелүү мамлекеттик органдар менен такташып, Ат-Башы суу каналдар ишканасынын мүлкүн мыйзам чегинде өткөрүп алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын
3. Айылды суу менен камсыздоо системасын оңдоо үчүн акча каражат бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевге сунушталсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага
К.Айдыралиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.