# Жаңы-Арык айылдык кеңешинин 2015-жылдын 3-февралындагы № 2/1 "Миң-Куш айылынын кѳчүрүлүүгѳ муктаж 11(он бир) үй-бүлѳнү жайгаштырууга аныкталган жер тилкесин трансформациялоого сунуштоо жѳнүндѳ" токтому

- Полное наименование: Жаңы-Арык айылдык кеңешинин 2015-жылдын 3-февралындагы № 2/1 "Миң-Куш айылынын кѳчүрүлүүгѳ муктаж 11(он бир) үй-бүлѳнү жайгаштырууга аныкталган жер тилкесин трансформациялоого сунуштоо жѳнүндѳ" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2/1
- Дата принятия: 03.02.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 03.02.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/228839>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-24225/edition/677292/ru>

> Текст приведён по редакции от 03.02.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жаңы-Арык айылдык кеңешинин 2015-жылдын 3-февралындагы № 2/1 "Миң-Куш айылынын кѳчүрүлүүгѳ муктаж 11(он бир) үй-бүлѳнү жайгаштырууга аныкталган жер тилкесин трансформациялоого сунуштоо жѳнүндѳ" токтому (ред. от 03.02.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/228839

---

ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жаңы-Арык айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын II кезексиз сессиясы

2015-жылдын 3-февралы № 2/1

Миң-Куш айылынын кѳчүрүлүүгѳ муктаж 11(он бир) үй-бүлѳнү жайгаштырууга аныкталган жер тилкесин трансформациялоого сунуштоо жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2013-жылдын 6-сентябрындагы №358-р «Миң-Куш айылындагы кѳчүрүлүүгѳ муктаж үй-бүлѳлѳрдү коопсуз аймакка кѳчүрүү жѳнүндѳ» тескемесин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин 2014-жылдагы №18-22 протоколдук тапшырмасын, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн аппаратынын 17-ноябрь 2014-жылдагы 06/2-2014 катынын талаптарын аткаруу максатында жана Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын «Больницанын үстү» участогунан турак-жай курууга 1,1 га жер аянтын трансформация кылууга сунуштоо жѳнүндѳ билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ: Миң-Куш айылынын кѳчүрүлүүгѳ муктаж 11 (он бир) үй-бүлѳгѳ турак-жай курууга аныкталган Жаңы-Арык айыл аймагындагы «Больницанын үстү» участогунан 1,1 га жер аянты трансформация кылууга сунушталсын. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ жѳнѳтүлсүн. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн. Токтомдун аткарылышын контролдоо Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевге жүктѳлсүн.

Төрайым

Б. Жумаева
