# Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин 2013-жылдын 10-апрелиндеги № 3 "Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдарында түзүлгөн аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын каттоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин 2013-жылдын 10-апрелиндеги № 3 "Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдарында түзүлгөн аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын каттоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 10.04.2013
- Статус: Действует
- Редакция от: 10.04.2013
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/228815>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-24206/edition/677032/ru>

> Текст приведён по редакции от 10.04.2013 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин 2013-жылдын 10-апрелиндеги № 3 "Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдарында түзүлгөн аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын каттоо жөнүндө" токтому (ред. от 10.04.2013) - https://aqlex.ai/kg/doc/228815

---

ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2013-жылдын 10-апрели № 3

Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдарында түзүлгөн аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы «Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин жөнгө салу жоболорду бекитүү тууралуу» №625 токтомунун жоболорун жетекчиликке алып, ошондой эле Эмгек-Талаа айыл аймагынын Ак-Талаа айылынын тургундарынын 2013-жылдын 20-мартындагы жана Эмгек-Талаа айылынын тургундарынын 2013-жылдын 9-апрелиндеги жалпы чогулуштарынын чечимдеринин негизинде, Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Эмгек-Талаа айылында 10 (он) чөлкөм, Ак-Талаа айылында 10 (он) чөлкөм болуп бекитилсин.

2. Ар бир чөлкөмгө чөлкөм башчылары дайындалсын.

3. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чөлкөмүнүн жобосу иштелип чыксын.

4. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чөлкөмүнүн жобосун 10 (он) күндүн ичинде иштер чыгуу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эсенбековго милдеттендирилсин.

Төрага

А. Эсенбеков
