# Кара-Көл шаардык кеңешинин 2013-жылдын 17-августундагы № 29/8-6 “Жалал-Абад облусунун Юстиция башкармалыгынын башчысынын м.а. А.Эрматовдун кайрылуусу жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Кара-Көл шаардык кеңешинин 2013-жылдын 17-августундагы № 29/8-6 “Жалал-Абад облусунун Юстиция башкармалыгынын башчысынын м.а. А.Эрматовдун кайрылуусу жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 29/8-6
- Дата принятия: 17.08.2013
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.08.2013
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/228534>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-23970/edition/657939/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.08.2013 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Көл шаардык кеңешинин 2013-жылдын 17-августундагы № 29/8-6 “Жалал-Абад облусунун Юстиция башкармалыгынын башчысынын м.а. А.Эрматовдун кайрылуусу жөнүндө” токтому (ред. от 17.08.2013) - https://aqlex.ai/kg/doc/228534

---

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2013-жылдын 17-августу № 29/8-6 “Жалал-Абад облусунун Юстиция башкармалыгынын башчысынын м.а. А.Эрматовдун кайрылуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.12.2009-жылдагы №743 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндөгү” Жобосунун 5-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы №184 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү” Типтүү Жобосунун 6-пунктун жетекчиликке алуу менен VI чакырылыштагы депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз VIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Көл шаардык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана жазылып кабыл алынсын.

2. Кара-Көл шаардык кеңешинин аппараты кабыл алынган токтомдорду өз убагында облустук юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүүгө жөнөтсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Орунова Ж.Ж.) жүктөлсүн.

Төрага

М.К.Женбеков
