Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Чаек айылдык кеңешинин «Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик (Кыргыз) тилде гана кабыл алуу жөнүндө» токтому
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2015-жылдын 9-апрели № 2 Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI чакырылышы) кезексиз XXVI сессиясы
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик (Кыргыз) тилде гана кабыл алуу жөнүндө Чаек айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу КР "Жергиликтүү депутаттардын статусу жөнүндөгү" мыйзамдын, Кыргыз Республикасындагы "Ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү" мыйзамдын 26-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы № 184 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү" типтүү жобонун 6-бөлүмүнүн талаптарынан ылайык, Чаек айыл аймагынын айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагынын айылдык кенешинин токтомдору мамлекеттик (Кыргыз) тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом Чаек айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүп.
Төрага
А. Бөдөшбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 2
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О статусе депутатов местных кенешей»Закон · 13.01.2000 · № 3
- Постановление Правительства КР от 25 марта 2010 года №184 "Об утверждении Типового положения о порядке регистрации нормативных правовых актов представительных органов местного…Постановление · 25.03.2010 · № 184