# Кара-Буура айылдык кеңешинин 2014-жылдын 13-июнундагы № 3 "Жүк ташуучу автоунааларга көзөмөлдүк тараза коюуга жер бөлүкчөсүн берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кара-Буура айылдык кеңешинин 2014-жылдын 13-июнундагы № 3 "Жүк ташуучу автоунааларга көзөмөлдүк тараза коюуга жер бөлүкчөсүн берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 13.06.2014
- Статус: Действует
- Редакция от: 13.06.2014
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/228082>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-23521/edition/644107/ru>

> Текст приведён по редакции от 13.06.2014 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Буура айылдык кеңешинин 2014-жылдын 13-июнундагы № 3 "Жүк ташуучу автоунааларга көзөмөлдүк тараза коюуга жер бөлүкчөсүн берүү жөнүндө" токтому (ред. от 13.06.2014) - https://aqlex.ai/kg/doc/228082

---

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы

2014-жылдын 13-июну № 3 Жүк ташуучу автоунааларга көзөмөлдүк тараза коюуга жер бөлүкчөсүн берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы №274-токтомунун негизинде Кара-Буура айылдык аймактык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас-Тараз-Суусамыр автожолунун 49-чакырымынын Пост-ГАИ гребень плотина кесилишинин түштүк тарабынан жүк ташуучу автоунааларга көзөмөлдүк тараза коюуга жер бөлүкчөсү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы оор салмактагы, ири габариттүү транспорт каражаттарын тараза аркылуу өтүшүн көзөмөлдөө жана тоннелдер боюнча кызмат башкармалыгына пайдалануу үчүн берилсин.

2. Кара-Буура айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовго токтомду аткаруу жагы милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Н. Усупбеков
