# Гүлчө айылдык кеңешинин 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 13/8 "Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы суулардан балык уулоого тыюу салуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Гүлчө айылдык кеңешинин 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 13/8 "Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы суулардан балык уулоого тыюу салуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 13/8
- Дата принятия: 30.09.2014
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.09.2014
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/227099>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-23436/edition/639389/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.09.2014 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Гүлчө айылдык кеңешинин 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 13/8 "Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы суулардан балык уулоого тыюу салуу жөнүндө" токтому (ред. от 30.09.2014) - https://aqlex.ai/kg/doc/227099

---

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

Гүлчө айыл кеңешинин 5-чакырылышынын 13-заседаниеси

2014-жылдын 30-сентябры № 13/8 Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы суулардан балык уулоого тыюу салуу жөнүндө Гүлчө айылдык Кенешинин 5-чакырылышынын 13-заседаниеси Гүлчө айыл кенешинин депутаты Н.Самиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы суулардан генератор менен балык уулоого 2014-жылдын 30-сентябрынан 2019-жылдын 30-сентябрына чейин тыюу салынсын.

2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы суулардан генератор менен балык уулаган жарандарга Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 25-февралыдагы №35Мыйзамынын 149-2 беренесине ылайык айып салынсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго жүктөлсүн.

Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы

Ш. Жапанов
