# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2014-жылдын 29-декабрындагы № 01-5/137 "К.М.Эгембердиевдин 9 айлык отчёту жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2014-жылдын 29-декабрындагы № 01-5/137 "К.М.Эгембердиевдин 9 айлык отчёту жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 01-5/137
- Дата принятия: 29.12.2014
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.12.2014
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/227059>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-23398/edition/636810/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.12.2014 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2014-жылдын 29-декабрындагы № 01-5/137 "К.М.Эгембердиевдин 9 айлык отчёту жөнүндө" токтому (ред. от 29.12.2014) - https://aqlex.ai/kg/doc/227059

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2014-жылдын 29-декабры № 01-5/137

К.М.Эгембердиевдин 9 айлык отчёту жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин, 2014-жылга шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө 9 ай ичинде аткарган иштерин боюнча отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31 жана 44-беренелерине ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин, 2014-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча берген отчёту «канааттандырарлык» деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 44-беренесинин 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 мыйзамынын редакциясын жетекчиликке алып жарым жылда бир жолудан кем эмес шаардык Кеңешке отчёт берип туруусу мэр К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнүн шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Б. Артыков
