Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин «К.М.Эгембердиевдин 9 айлык отчёту жөнүндө» токтому
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2014-жылдын 29-декабры № 01-5/137
К.М.Эгембердиевдин 9 айлык отчёту жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин, 2014-жылга шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө 9 ай ичинде аткарган иштерин боюнча отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31 жана 44-беренелерине ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин, 2014-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча берген отчёту «канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 44-беренесинин 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 мыйзамынын редакциясын жетекчиликке алып жарым жылда бир жолудан кем эмес шаардык Кеңешке отчёт берип туруусу мэр К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнүн шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Б. Артыков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики»Закон · 21.11.2014 · № 158