# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2014-жылдын 29-декабрындагы № 01-5/136 "Каржы-экономика бөлүмүнүн 9 айлык отчёту жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2014-жылдын 29-декабрындагы № 01-5/136 "Каржы-экономика бөлүмүнүн 9 айлык отчёту жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 01-5/136
- Дата принятия: 29.12.2014
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.12.2014
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/227058>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-23397/edition/636808/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.12.2014 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2014-жылдын 29-декабрындагы № 01-5/136 "Каржы-экономика бөлүмүнүн 9 айлык отчёту жөнүндө" токтому (ред. от 29.12.2014) - https://aqlex.ai/kg/doc/227058

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2014-жылдын 29-декабры № 01-5/136 Каржы-экономика бөлүмүнүн 9 айлык отчёту жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын, 2014-жылга шаардык бюджеттин аткарылышы жөнүндө 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча, 9 айдын киреше бөлүгү 49 808 000 сомду, чыгаша бөлүгү 44 186 478 сомду түзүп, чыгаша бөлүгү 88% аткарылгандыгын угуп жана бюджеттин аткарылышы боюнча отчётту 9 айда эмес, 6 айда жана бир жылдык мөөнөттө берүүсүн талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 52-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын, 2014-жылга шаардык бюджеттин аткарылышы жөнүндө 9 ай ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча берген маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 44-беренесинин 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 мыйзамынын редакциясын жетекчиликке алып жарым жылда бир жолудан кем эмес шаардык Кеңешке отчёт берип туруусу каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнүн шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Б. Артыков
