# Дара айылдык кеңешинин 2017-жылдын 4-мартындагы № 17 "Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер участокторуна укуктарды берүү процесин ишке ашыруу үчүн жерге укукту берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Дара айылдык кеңешинин 2017-жылдын 4-мартындагы № 17 "Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер участокторуна укуктарды берүү процесин ишке ашыруу үчүн жерге укукту берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 17
- Дата принятия: 04.03.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 04.03.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/226826>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-23165/edition/781210/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.03.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Дара айылдык кеңешинин 2017-жылдын 4-мартындагы № 17 "Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер участокторуна укуктарды берүү процесин ишке ашыруу үчүн жерге укукту берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 04.03.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/226826

---

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2017-жылдын 4-марты № 17 Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер участокторуна укуктарды берүү процесин ишке ашыруу үчүн жерге укукту берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтомуна ылайык Дара айыл аймагынынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин максаттуу пайдалануу максатында Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги IV- сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтомуна ылайык Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер участокторуна укуктарды берүү процесин ишке ашыруу үчүн жерге укукту берүү максатында түзүлгөн комиссия курамы бекитилсин.

2. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин ижарага берүүдө комиссия курамы КР жер кодекси, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтомуна менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобого ылайык жүргүзүшсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу А.Мисиралиевге милдеттендирилсин.

Төрага

М. Султанов
