Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Дара айылдык кеңешинин «Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер участокторуна укуктарды берүү процесин ишке ашыруу үчүн жерге укукту берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө» токтому
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2017-жылдын 4-марты № 17 Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер участокторуна укуктарды берүү процесин ишке ашыруу үчүн жерге укукту берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтомуна ылайык Дара айыл аймагынынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин максаттуу пайдалануу максатында Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги IV- сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтомуна ылайык Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер участокторуна укуктарды берүү процесин ишке ашыруу үчүн жерге укукту берүү максатында түзүлгөн комиссия курамы бекитилсин.
2. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин ижарага берүүдө комиссия курамы КР жер кодекси, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтомуна менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобого ылайык жүргүзүшсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу А.Мисиралиевге милдеттендирилсин.
Төрага
М. Султанов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 1 · связанные 1
Цитируется в (1)
Ссылается на (1)
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики»Закон · 02.06.1999 · № 46 · Утратил силу