Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Нуржанов айылдык кеңешинин «Нуржанов айыл аймагынын 2016-жылынын бюджетин бекитүү жөнүндө» токтому
НУРЖАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 1 Нуржанов айыл аймагынын 2016-жылынын бюджетин бекитүү жөнүндө Депутаттардын Нуржанов айыл кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нуржанов айыл аймагынын 2016-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 5901,1 миң сом өлчөмүндө жана чыгашалар боюнча 5901,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин;
2. Нуржанов айыл аймагынын 2016-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө турганы аныкталсын;
3. Нуржанов айыл аймагынын 2016-жылдагы чыгаша бөлүгү чыгаша булактардан турары белгиленип бекитилсин;
4. Нуржанов айыл аймагынын 2016-жылга бюджетинин накталай кассалык жүгүртүү акча каражатынын көлөмү № 3 тиркеменин негизинин белгиленип, бекитилсин;
5. Нуржанов айыл аймагынын 2016-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча жалпы өлчөмү белгиленип бекитилсин;
6. 2016-жылга Нуржанов айыл аймагынын бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча резервдик фонд түзүлүп бекитилсин;
7. Нуржанов айыл аймагынын 2016-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн расчеттору белгиленип бекитилсин;
8. Нуржанов айыл аймагынын 6-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясында кабыл алынган 2016-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 6 334,1 мин сом бөлүнүп бекитилсин, пикир келишпестиги Кыргыз Республикасынын каржы министригинен суралсын (пикиркелишпестик тиркелет) 2017-жылдын бюджетинин долбоору 6653,8 мин сом, 2018-жылдын бюджетинин долбоору 6769,3 мин, сом, 2019-жылдын бюджетинин долбоору 7140,2 миң сом болуп бекитилсин;
9. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде жергиликтүү бюдже;ИНИН кирешелер бөлүгү чындоо максатында төмөндөгүдөй салыктар жана жыйындар киргизилсин жана алардын ставкалары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин;
10. Жергиликтүү салыктар:
а) Юридикалык тараптан алынуучу салык суугат жерлерге 335 сом, кайракы жерлерге 52,5 сом, көп жылдык бак дарактарга 164 сом, шалба жерлерге 11,20сом, жакынкы жайыт жерлерге 4,8сом ар бир гектерга өлчөмүнө бекитилсин;
Мүлк салыгы: Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде бекитилсин. Кыймылдуу мүлккө салык (КР Кодексинин 197 статьясынын негизинде) Салыктын бул түрүн менчик автотранспорттору жана айыл чарба техникалары бар. Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок жактар төлөөчү бул эсептелет, салык чегеруу обьектиси жана өлчөмү КР Салык Кодексинин 198 статьясынын негизинде жүргүзүлсүн;
11. Жалпы мамлекеттик салыктар:
Сатуудан салык Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде бекитилсин, ыктыярдуу патенттин негизинде алынуучу салык КР салык кодексинин негизинде бекитилсин;
12. Салыктык эмес кирешелер:
Муниңипалдык менчиктен жана КБФ жерлеринин ижара акысы түзүлгөн келишимдин негизинде бекитилсин; Юстиңия органдары алуучу мамлекеттик алым мыйзамынын негизинде алынсын. Административдик айыптар мыйзамдын негизинде алынсын.
13. Айыл өкмөтүнүн мекеме уюмдары жыл ичинде каржылоо чыгымдарына зарыл болгон учурда бир бөлүмдөн экинчи жана статьядан-статьяга, чейректен — чейреккс жылдыруу жагы айылдьж кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу менен финансы бөлүмүнө жүктөлсүн;
14. Кирешенин чыгашадан ашыкча чыккан бөлүгү жергиликтүү бюджеттен калтырылсын жана киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча аткарылган суммасы 3 паиызы салык инспекңиясына которууга тыюу салынсын. /
15. 2016-жылга атайын каражат счеттун киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 525,0 мин, сом акча каражаты кошумча атайын счеттон № 7 тиркеме ылайык белгиленип бектилсин;
16. Нуржанов айылдьж аймагынын 12 штаттык бирдиги жана 1 штат бирдиги аскердик каттоо столунун башчысына КР Өкмөтүнүн 8-июль 2013-жылдагы № 403 токтомунун негизинде 2016-жылдын бюджетинде бекитилсин. Нуржанов айылдык аймагына караштуу Маданият бөлүгүнө 2 кызматкер, клуб башчы 1 кызматкер КР 2011-жылдын 19-январында № 16 токтомунун негизинде бекитилсин;
17. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагын Нуржанов айылдык кеңешиннн алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;
Төрайымы:
Р.Жееналиева
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 19 января 2011 года №16 "О введении новой системы оплаты труда работников учреждений культуры, искусства и информации"Постановление · 19.01.2011 · № 16 · Утратил силу