# Кара-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-августундагы № 33/1 "Граждандык абалдын актыларын каттоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү типтүү келишимди бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кара-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-августундагы № 33/1 "Граждандык абалдын актыларын каттоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү типтүү келишимди бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 33/1
- Дата принятия: 22.08.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.08.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/226311>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-22668/edition/753539/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.08.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-августундагы № 33/1 "Граждандык абалдын актыларын каттоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү типтүү келишимди бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 22.08.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/226311

---

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXXIII сессиясы

2016-жылдын 22-августу № 33/1 Граждандык абалдын актыларын каттоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү типтүү келишимди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдагы № 715 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Граждандык абалдын актыларын каттоо департаменти жана Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн типтүү келишимди бекитүү максатында Кара-Суу айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдагы № 715 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Граждандык абалдын актыларын каттоо департаменти жана Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн типтүү келишим бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевге милдеттендирилсин.

Тѳрага:

Т.И. Курткаев
