Чаек айылдык кеңешинин «Чаек айыл аймагынын Бештерек айылынын “Бештерек ” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндө» токтому
Вопрос по этому документу?Сверьте ответ чат-бота с документом
ИИ ответит по тексту законаИИ ответит по действующей редакции · бесплатно
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.Первый ответ - сразу, бесплатно и без регистрации.
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чаек айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
2016-жылдын 20-январы № 10 Чаек айыл аймагынын Бештерек айылынын “Бештерек ” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндө
21.02.2005-жылдагы Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын кошундары жөнүндөгү” № 36-мыйзамдын негизинде Чаек айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Бештерек” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндөгү арызын жана жамааттын уставын жамааттык уюмду түзүүчүлөрдүн жалпы жыйындарынын токтомдорун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Бештерек” жамааты төмөндөгү маалыматтар менен каттоого алынсын.
Жамааттын айылдык Кеңештеги каттоо №____ Уюштуруу укуктук формасы Жамаат Менчик түрү: Жеке Юридикалык дареги: Бештерек айылы, Чаек айыл аймагы, Жумгал району Жамааттын төрагасы: Алиева Калиман
2. Кабыл алынган уставдын негизинде иш алып баруу Чаек айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Бештерек” жамаатына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Чаек айылдык кеӊешинин төрагасы:
А.Ж Бөдөнбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.Первый ответ - сразу, бесплатно и без регистрации.
Связи документа
ссылается на 0 · на него ссылаются 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным официального источника, без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О жамаатах (общинах) и их объединениях»Закон · 21.02.2005 · № 36