# Чаек айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № 5 "Чаек айыл аймагынын Актатыр айылынын “Ынтымак” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Чаек айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № 5 "Чаек айыл аймагынын Актатыр айылынын “Ынтымак” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5
- Дата принятия: 20.01.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.01.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/226288>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-22646/edition/753482/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.01.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чаек айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № 5 "Чаек айыл аймагынын Актатыр айылынын “Ынтымак” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндө" токтому (ред. от 20.01.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/226288

---

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чаек айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

2016-жылдын 20-январы № 5 Чаек айыл аймагынын Актатыр айылынын “Ынтымак” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндө

21.02.2005-жылдагы Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын кошундары жөнүндөгү” № 36-мыйзамдын негизинде Чаек айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Ынтымык” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндөгү арызын жана жамааттын уставын жамааттык уюмду түзүүчүлөрдүн жалпы жыйындарынын токтомдорун угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаек айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Ынтымак” жамааты төмөндөгү маалыматтар менен каттоого алынсын.

Жамааттын айылдык Кеңештеги каттоо №\_\_\_\_ Уюштуруу укуктук формасы Жамаат Менчик түрү: Жеке Юридикалык дареги: Актатыр айылы, Чаек айыл аймагы, Жумгал району Жамааттын төрагасы: Отунчиева Динара Эсенбековна

2. Кабыл алынган уставдын негизинде иш алып баруу Чаек айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Ынтымак” жамаатына жүктөлсүн.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.

Чаек айылдык кеӊешинин төрагасы:

А.Ж Бөдөнбеков
