# Чаек айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № 3 "Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагында жайгашкан “Чукур-Аксеки” участкасына айыл статусун берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Чаек айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № 3 "Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагында жайгашкан “Чукур-Аксеки” участкасына айыл статусун берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 20.01.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.01.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/226277>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-22635/edition/819267/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.01.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чаек айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № 3 "Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагында жайгашкан “Чукур-Аксеки” участкасына айыл статусун берүү жөнүндө" токтому (ред. от 20.01.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/226277

---

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чаек айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

2016-жылдын 20-январы № 3 Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагында жайгашкан “Чукур-Аксеки” участкасына айыл статусун берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагында жайгашкан “Чукур-Аксеки”участкасына айыл статусун берүү жөнүндө.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-мартындагы №137 токтомуна ылайык жана “Чукур-Аксеки”айылында 350дөн ашык түтүн 2100 дөн ашык калктын санын эске алып, күн тартибиндеги маселени боюнча талкуулап, Чаек айылдык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагында жайгашкан “Чукур-Аксеки” участкасына айыл статусун берүү жагы Жумгал райондук кошмо жыйындан суралсын.

2. “Чукур-Аксеки” айылынын чеги. Чыгышынан Чет-Куугандынын суусу. Батышынан Б.Бабаев көчөсүнүн асты үстү. Түштүгү М.Рыскулов көчөсүнүн башы мечиттин жаны. Түндүгү Саздын башына чейин.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.

Чаек айылдык кеӊешинин төрагасы:

А.Ж Бөдөнбеков
