# Тамчы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы № 51 "Өзгөчө кырдаал боюнча иш-чараны каржылоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Тамчы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы № 51 "Өзгөчө кырдаал боюнча иш-чараны каржылоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 51
- Дата принятия: 12.02.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.02.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/226274>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-22632/edition/819261/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.02.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Тамчы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы № 51 "Өзгөчө кырдаал боюнча иш-чараны каржылоо жөнүндө" токтому (ред. от 12.02.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/226274

---

ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жергилитүү депутаттарынын ХХVI чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги ХVIII сессиясы

2016-жылдын 12-февралы № 51 Өзгөчө кырдаал боюнча иш-чараны каржылоо жөнүндө Айылдык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги, Ысык-Көл раймамадминистрациясынын 08.02.2016-жылдагы Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы пландаштырган иш-чараларына сарпталуучу каражатты бөлүү жөнүндөгү №1/1-179 билдирүүсүн депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин 2016-жыл ичинде Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан белгиленген иш-чараларына сарпталуучу каражатты жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10,0 миң сом өлчөмдө бекитилсин.

2. Айыл Өкмөтүнө, 2016-жылы белгиленген Өзгөчө кырдаалдар боюнча иш-чараларга даярдык көрүү жана КРнын “Жарандык коргонуу жөнүндөгү” Мыйзамынын 10-беренесиндеги милдеттерин аткаруу тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышы Айыл Өкмөтүнүн кызматкерлерине жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин турукту комисиясына тапшырылсын.

Тамчы айылдык кеӊешинин төрагасы

Н. Иманалиев
