Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Үч-Төбө айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлундагы № 91 Жайыттар жөнүндө Мыйзамынын негизинде Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы жана кышкы жайыттарды туура пайдалануу,жайыт комитетитнин түзгөн келишимдерин так аткаруу,сырттан келген малдары эмдөөдөн өткөндүгүн жана алардын жайыт акыларын аныктоо менен бирге, жайыт графиктеринин аткарылышын сактоо жөнүндө» токтому
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үч-Төбө айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVIII заседаниеси
2016-жылдын 19-февралы № 38/4 Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлундагы № 91 Жайыттар жөнүндө Мыйзамынын негизинде Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы жана кышкы жайыттарды туура пайдалануу ,жайыт комитетитнин түзгөн келишимдерин так аткаруу ,сырттан келген малдары эмдөөдөн өткөндүгүн жана алардын жайыт акыларын аныктоо менен бирге, жайыт графиктеринин аткарылышын сактоо жөнүндө Жайыт комитетинин 2016-жылга карата түзгөн долбоорлорун өз убагында ишке ашыруу максатында, жайыт акылардын төлөнүшүн камсыз кылуу жана жайыт эрежелерин сактабаган, жайыт төлөмдөрун төлөбөгөн,жайыт мыйзамдарын бузган жарандарга чара көрүү маселеси жөнүндө, Жайыт комитетинин төрагасы З.Молдоташовдун билдирүүсүн угуп талкуулап, Үч-Төбө айылдык Кенешинин заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүндө элдин малын баккан малчылар,фермерлер, кышкы жайытын сактоо максатында бекитилген графиктин негизи нде, ортоңку жана алыскы жайлоолорго токтосуз көчүрүлсүн .(График тиркелет)
2. Сырттан келген малдарды айылдын айланасындагы кышкы жана жазгы жайыттарга кайтарууга тыюу салынсын.
3. Үч-Төбө айыл өкмөтүндө жайыт пайдалануу үчүн мал башына жайыт акынын төлөнүшү төмөндөгүдөй бекитилсин:
№
Малдын түрү
Үч-Төбө айыл өкмөтүндөгү мал ( сом)
Башка айыл өкмөттөрдөн келген мал сом )
Башка райондон келген мал (сом)
1
Уй ,жылкы ,топоз
50
150
200
2
Кой ,эчки
10
50
100
3
Торпок ,кулун,
40
80
100
4
Эшек
50
80
80
(каттоодон ашыкча болгон малдарга сырттан келген малдардын баасы менен жайыт акы белгиленсин)
4. Жайыт акылар жайыт мыйзамдарына ылайык 2016-жылдын 1-октябрына чейин чогулсун.
5. Элдин койлорун баккан малчылар жайыт акыны койлорду алып жайлоого чыгар алдында төлөп, жайыт билеттерин алгандан кийин жайытка уруксат алышсын.
6. Үч-Төбө айыл өкмөтүнун жайыт комитетинин2016-2019-жылдарга карата түзүлгөн төрт жылдык иш планы жана 2016-жылдын бюджети бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
7. Жайыт мыйзамдарын жана ушул токтомдун эрежелерин бузган жайыт пайдалануучулар, административдик кодекстин негизинде административдик жоопкерчилик тартышат.
8. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы, жайыт комитетинин төрагасы З .Молдоташовго жана бардык айыл башчыларга милдеттендирилсин.
Үч-Төбө айылдык кеӊешинин төрагасы
Э. Өмүрзаков
Үч-Төбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXXVIII кезектеги заседаниесинин № 38/4 токтомуна тиркеме
Айыл өкмөтүнүн аймагында жайлоого көчүп конуу графиги
№
Айылдын аталышы
Көчүп кетүү
Көчүп келүү
1
Ак-Жай ,Кичи-Каракол,Гежиге
15-25-май
1-октябрь
2
Чоң-Каракол
20-30-май
1-октябрь
3
Кызыл-Алай
25май-1июнь
20-сентябрь
4
Ак-Босого
25-май-1-июнь
20-сентябрь
Эскертүү: Аба-ырайынын өзгөрүлүшүнө байланыштуу,график алдыга же артка жылышы мүмкүн.
Үч-Төбө айыл комитетинин төрагасы:
З. Молдоташов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пастбищах"»Закон · 11.07.2011 · № 91 · Утратил силу