# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 01-05/176 "Кочкор-Ата шаар мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 01-05/176 "Кочкор-Ата шаар мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 01-05/176
- Дата принятия: 05.11.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 05.11.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/225935>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-22318/edition/698909/ru>

> Текст приведён по редакции от 05.11.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 01-05/176 "Кочкор-Ата шаар мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндө" токтому (ред. от 05.11.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/225935

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 5-ноябры № 01-05/176 Кочкор-Ата шаар мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын, 2015-жылга шаардык бюджеттин аткарылышы жөнүндө 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча, 6 айдын киреше бөлүгү 50 980 000 ( элүү миллион тогуз жүз сексен миң)сомду, чыгаша бөлүгү 27 000 006 (жыйырма жети миллион алты) сомду түзүп, чыгаша бөлүгү 53 % га аткарылгандыгын угуп, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 52-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын 2015-жылга шаардык бюджеттин аткарылышы жөнүндө 6 ай ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча берген маалыматы жактырылсын .

2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 44-беренесинин 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 мыйзамынын редакциясын жетекчиликке алып, жарым жылда бир жолудан кем эмес шаардык Кеңешке отчёт берип туруусу Кочкор-Ата шаар мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы

Б. Артыков
