Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин «Кочкор-Ата шаар мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндө» токтому
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 5-ноябры № 01-05/176 Кочкор-Ата шаар мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын, 2015-жылга шаардык бюджеттин аткарылышы жөнүндө 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча, 6 айдын киреше бөлүгү 50 980 000 ( элүү миллион тогуз жүз сексен миң)сомду, чыгаша бөлүгү 27 000 006 (жыйырма жети миллион алты) сомду түзүп, чыгаша бөлүгү 53 % га аткарылгандыгын угуп, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 52-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын 2015-жылга шаардык бюджеттин аткарылышы жөнүндө 6 ай ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча берген маалыматы жактырылсын .
2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 44-беренесинин 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 мыйзамынын редакциясын жетекчиликке алып, жарым жылда бир жолудан кем эмес шаардык Кеңешке отчёт берип туруусу Кочкор-Ата шаар мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы
Б. Артыков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики»Закон · 21.11.2014 · № 158