# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 01-05/175 "К.М. Эгембердиевдин 9 айлык отчёту жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 01-05/175 "К.М. Эгембердиевдин 9 айлык отчёту жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 01-05/175
- Дата принятия: 05.11.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 05.11.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/225934>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-22317/edition/698911/ru>

> Текст приведён по редакции от 05.11.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 01-05/175 "К.М. Эгембердиевдин 9 айлык отчёту жөнүндө" токтому (ред. от 05.11.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/225934

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 5-ноябры № 01-05/175

К.М. Эгембердиевдин 9 айлык отчёту жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин, 2015-жылга шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31 жана 44-беренелерине ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин, 2015-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча берген отчёту «канааттандырарлык» деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 44-беренесинин 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 мыйзамынын редакциясын жетекчиликке алып, жарым жылда бир жолудан кем эмес шаардык Кеңешке отчёт берип туруу жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы

Б. Артыков
