Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин «К.М. Эгембердиевдин 9 айлык отчёту жөнүндө» токтому
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 5-ноябры № 01-05/175
К.М. Эгембердиевдин 9 айлык отчёту жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин, 2015-жылга шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31 жана 44-беренелерине ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин, 2015-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча берген отчёту «канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 44-беренесинин 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 мыйзамынын редакциясын жетекчиликке алып, жарым жылда бир жолудан кем эмес шаардык Кеңешке отчёт берип туруу жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы
Б. Артыков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
- Закон «О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики»Закон · 21.11.2014 · № 158
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу