Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
А. Мирмахмудов айылдык кеңешинин «Атуул Абдувапов Азамат Камчиевичтин 2015-жылдын 14-майындагы кыймылсыз мүлктүү сатуу, сатып алуу келишиминин негизинде сатып алган сугат айдоо жеринин мыйзамдаштыруу максатында берген арызын канаттандыруу жөнүндө» токтому
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А. Мирмахмудов айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз ХXII сессиясы
2015-жылдын 17-ноябры № 22-8 Атуул Абдувапов Азамат Камчиевичтин 2015-жылдын 14-майындагы кыймылсыз мүлктүү сатуу, сатып алуу келишиминин негизинде сатып алган сугат айдоо жеринин мыйзамдаштыруу максатында берген арызын канаттандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жер кодекси»-нин 1-гл,6-беренесинин 1-б, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3гл. 18-беренесинин 15-бөлүмчөсүнүн , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жыл 13-августындагы №427 токтому менен бекитилген «айыл чарба жерлерин сатуу-сатып алуу» жөнүндөгү жобоосунун талаптарына таянып,2015-жылдын 14-майындагы «Кыймылсыз мүлктү сатуу,сатып алуу келишиминин негизинде Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Киров айылынын Үч-жыгач бөлүмүндө жайгашкан атуулдар -Кочкорова Матабархан ,Кочкорова Саерахон Эргешбаевна,Эргешбаев Самандар Эргешбаевич, Кочкоров Ортыкали Эргешбаевич, Кочкорова Шахнозахон Эргешбаевна жана Кочкоров Умиджон Эргешбаевичтердин менчиги болгон жалпы аянты 0,21га. сугат айдоо үлүш жеринин ,атуул Абдувапов Азамат Камчиевич сатып алгандыгына байланыштуу ,аталган үлүш жердин жерге жайгаштыруу иш-кагаздарына өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. 2015-жылдын 14-майындагы «кыймылсыз мүлктү сатууу-сатып алуу келишими» негиз, атуулдар- Кочкорова Матабархан ,Кочкорова Саерахон Эргешбаевна,Эргешбаев Самандар Эргешбаевич, Кочкоров Ортыкали Эргешбаевич, Кочкорова Шахнозахон Эргешбаевна жана Кочкоров Умиджон Эргешбаевичтердин менчиги болгон, идентификациялык коду 5-05-14-0008-0901 болгон жалпы аянты 0,21га. сугат айдоо үлүш жеринин ,атуул Абдувапов Азамат Камчиевич сатып алгандыгына байланыштуу ,аталган сугат айдоо үлүш жер атуул Абдувапов Камчы Аптыкааровичке менчиги болуп өткөндүгү тастыктансын.
3. 2015-жылдын 14-майындагы «кыймылсыз мүлктү сатууу-сатып алуу келишими» негизинде атуул Абдувапов Камчы Аптыкааровичке менчиги болуп өткөн, идентификациялык коду 5-05-14-0008-0901 болгон жалпы аянты 0,21га. сугат айдоо үлүш жерин мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте , жаңы үлүш жер субьекти катары каттоого алынсын.
4. 2016-жылдан баштап сатып алынган сугат айдоо үлүш жерге төлөнүүчү жер салыгы, социалдык толомдорду төлөп баруу жагы «атуул Абдувапов Камчы Аптыкааровичке милдеттендирилсын.
5. Токтомдун аткарылышы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаровго жүктөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
А. Мирмахмудов айылдык
кеӊешинин төрагасы
Н. Халбуваев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 13 августа 2001 года №427 "Об утверждении Положения о порядке купли-продажи земельных участков сельскохозяйственного назначения"Постановление · 13.08.2001 · № 427 · Утратил силу