Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Нарын шаардык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2-апрель 2010-жылдагы №206 токтомунда электрэнергиясына болгон жеңилдиктерди берүү Нарын облусунда аткарылбай жаткандыгын билдирүү менен Кыргыз Республикасынын Президентине, Өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жөнөтүү жөнүндө» токтому
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫ
2012-жылдын 21-январы № 2 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2-апрель 2010-жылдагы №206 токтомунда электрэнергиясына болгон жеңилдиктерди берүү Нарын облусунда аткарылбай жаткандыгын билдирүү менен Кыргыз Республикасынын Президентине, Өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жөнөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 токтомунда жайкы мезгилге 1-майдан 1-октябрга чейин айына 50квт\саат электрэнергиясы( бир абонент 47 сом), кышкы мезгилде 1-октябрдан 1-майга чейин айына 110квт\саат электрэнергиясы (1 обонент үчүн 77 сом) жеңилдиктер каралган, бирок токтомдо көрсөтүлгөн жеңилдиктер аткарылган эмес. Нарын шаардык Кеңешине шаардагы саясий партиялар, жарандык коомдор, жашоочулар жогорудагы токтомдун аткарылышы жана Республиканынын башка облустарына салыштырмалуу климаты оор кышкысы 30-40 градус суук, алты ай кыш мезгилин өткөргөн Нарын облусунун тургундарына кышкысын 500 квт\саат, ал эми жайкысын 220 квт\саат жеңилдиктерди берүү , Кыргыз Республикасынын 2-апрель 2011-жылдагы № 206 Токтомун кайра карап чыгуу, электрэнергиясына болгон пенияларды алып салуу боюнча Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан, Кыргыз Республикасынын Президентине, Өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешине Кайрыуу жиберүүнү өтүнүшкөн. Электрэнергиясына берилүүчү жеңилдиктер берилбей, Өкмөттүн токтомунун аткарылбай жаткандыгын Жогорку жактарга жеткирүү жөнүндөгү шаардагы саясий партиялардын, жарандык коомдордун, жашоочулардын жана депутат Б.Байгубатовдун сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 токтомунда көрсөтүлгөн электрэнергияга болгон жеңилдиктер берилбей жаткандыгын, Нарын облусунун климаттык оор шартын, кыш мезгилинин узактыгын эске алуу менен электрэнергиясына кышкысын 500 квт\саат, ал эми жайкысын 220 квт\саат жеңилдиктерди берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Перезидентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Жогорку Кеңешке шаардык Кеңештин депутаттарынын атынан Кайрылуу жиберилсин.
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы
А. Көкөтаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.