Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Үч-Терек айылдык кеңешинин «Таш-Көмүр шаарынын мэри Минбаев Бекболот Бекназаровичке Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2014-жылдын 13-майындагы № 01-20/6054 катын кароо жөнүндөгү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 16-майындагы № 508 катын айылдык кеңештин кезектеги XIX сессиясында кароо жөнүндө» токтому
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Эл депутаттарынын Үч-Терек айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2014-жылдын 20-майы № 79 Таш-Көмүр шаарынын мэри Минбаев Бекболот Бекназаровичке Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2014-жылдын 13-майындагы № 01-20/6054 катын кароо жөнүндөгү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 16-майындагы № 508 катын айылдык кеңештин кезектеги XIX сессиясында кароо жөнүндө Таш-Көмүр шаарынын мэри Минбаев Бекболот Бекназарович 20-март 1974 жылы Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаарында туулган. 2010-жылы Ош ОГПИни бүтүргөн, Бишкек юридикалык академиясына 2012-жылы кирип сырттан окуп жатат.Адистиги тарыхчы. Апрель революциясынын Баатыры,бир нече медалдын ээси. 1993-жылдан 1999-жылга чейин ОАО «Курулушта» айдоочу, механик, 1999-жылдан 2005-жылга чейин директордун орун басары, 2005-жылдан 2007-жылга чейин Россия федерациясында предприниматель, 2007-жылдан 2009-жылга чейин ОсОО «AUS-Motors-LTD» аткаруучу директор, 2009-жылдан 2013-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутатарынын жардамчысы, 2013-жылдан февраль айынан азыркы мезгилге чейин Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп иштеп келе жатат. Таш-Көмүр шаарынын мэри Минбаев Бекболот Бекназарович жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн,жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча каражат түшүрүү боюнча көп аракеттерди көрүп,көп жылдан бери чечилбей келген маселени чечүүгө жетишкен. Атап айтканда «Электр станциялары» ачык акционердик коомуна тиешелүү филиалдарынын (ГЭС тер) жайгашкан жери боюнча иштелип чыгарылган электр энергиясынын жалпы көлөмүндөгү алардын үлүшүнө жараша аймактарга берилген электр энегиясын сатуудан алынуучу салыктардын суммасын салык кызматынын аймактык органдарында эсептөөнү жүргүзүү жана төлөө боюнча КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-августундагы № 318 буйругу чыгарылып аткарууга алынган. Анын негизинде Кара-Көл шаарына,Токтогул,Күрп-Сай ГЭСтеринин,Токтогул районуна Камбар-ата ГЭСинин,Ат-Башы районуна Ат-Башы ГЭСинин,Таш-Көмүр шаарына Таш-Көмүр,Шамалды-Сай,Үч-Коргон ГЭСтеринин иштеп чыгарган электр энергиясын сатуудан түшкөн салыктан,жергиликтүү башкаруу органдарына өз үлүштөрү бөлүнүп,алардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча каражат камсыздалып,социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга өбөлгө түзүүгө жетишкен. Таш-Көмүр шаарынын мэри Миңбаев Бекболот Бекназаровичке жогорудагы эмгегин баалап Үч-Терек айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү боюнча айылдык кеңештин кезектеги XIX сессиясы
1. Таш-Көмүр шаарынын мэри Миңбаев Бекболот Бекназаровичке жогорудагы эмгегин баалап Үч-Терек айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы
Ө. Сулайманов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.