# Кара-Суу шаардык кеңешинин 2015-жылдын 18-февралындагы № 9/2 “Кара-Суу шаар мэриясынын 2015-жылдын 17-февралындагы №07 токтомун бекитип берүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Кара-Суу шаардык кеңешинин 2015-жылдын 18-февралындагы № 9/2 “Кара-Суу шаар мэриясынын 2015-жылдын 17-февралындагы №07 токтомун бекитип берүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 9/2
- Дата принятия: 18.02.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.02.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/224408>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-21280/edition/679877/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.02.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Суу шаардык кеңешинин 2015-жылдын 18-февралындагы № 9/2 “Кара-Суу шаар мэриясынын 2015-жылдын 17-февралындагы №07 токтомун бекитип берүү жөнүндө” токтому (ред. от 18.02.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/224408

---

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (АЛТЫНЧЫ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ IХ СЕССИЯСЫНЫН

2015-жылдын 18-февралы № 9/2 “Кара-Суу шаар мэриясынын 2015-жылдын 17-февралындагы №07 токтомун бекитип берүү жөнүндө” Кара-Суу шаар мэриясынын 2015-жылдын 17-февралындагы чыгыш № 110 сандуу катынын негизинде “Кара-Суу шаарындагы Манас стадионунун батыш тарабындагы 6002 м2 (0,60га) жер аянтын 2 (эки) жылдык мөөнөткө убактылуу пайдалануугуа берүү жөнүндөгү” №07 токтомун бекитип берүү үчүн Кара-Суу шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: “Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнун башчысы А.Б.Миллер менен 2014-жылдын 8-10-сентябрь күндөрү жолугушуусу болуп өтүп, «Газпром-детям» программасы алкагында облустун жана райондун борборлорунда балдардын ден соолугун чыёдоо борборун курууну каржылоо жөнүндө келишиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14;68-беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле Кара-Суу шаардык Кеёешинин 2014-жылдын 1-декабрындагы «Кара-Суу шаарындагы Манас стадионунун батыш тарабынан балдардын ден соолугун чыёдоо борборун курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү» №8/11 токтомун, Кара-Суу шаардык мэриясынын 2015-жылдын 15-январындагы №1 токтомун, Кара-Суу шаардык жер участокторуна укуктарды берүү, курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын 2015-жылдын 30-январындагы №2 протоколун, Кара-Суу шаарынын мэриясы менен «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнун ортосунда 2015-жылдын 29-январында түзүлгөн меморандумунун негизинде”, Кара-Суу шаар мэриясынын 2015-жылдын 17-февралындагы “Кара-Суу шаарындагы Манас стадионунун батыш тарабындагы 6002 м2 (0,60га) жер аянтын 2 (эки) жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү” №07 токтомун бекитип берилсин. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Р.Х.Хатамов
