# Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2015-жылдын 5-мартындагы № 2 "Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык мекемелердин атайын жана жүк ташуучу, эл ташуучу авто унааларынын, тракторлорунун күйүүчү майларды пайдалануунун Жобосун бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2015-жылдын 5-мартындагы № 2 "Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык мекемелердин атайын жана жүк ташуучу, эл ташуучу авто унааларынын, тракторлорунун күйүүчү майларды пайдалануунун Жобосун бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 05.03.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 05.03.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/224118>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-21070/edition/644296/ru>

> Текст приведён по редакции от 05.03.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2015-жылдын 5-мартындагы № 2 "Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык мекемелердин атайын жана жүк ташуучу, эл ташуучу авто унааларынын, тракторлорунун күйүүчү майларды пайдалануунун Жобосун бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 05.03.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/224118

---

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ VI –чакырылыш кезектеги XХI -сессия

2015-жылдын 5-марты № 2 Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык мекемелердин атайын жана жүк ташуучу, эл ташуучу авто унааларынын, тракторлорунун күйүүчү майларды пайдалануунун Жобосун бекитүү жөнүндө «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү», Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдарынын жана Жалал-Абад кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун негиз кылып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен шаардык кенешинин кезектеги XХI-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык мекемелердин атайын жана жүк ташуучу, эл ташуучу автоунааларынын, тракторлорунун күйүүчү майларды пайдалануунун жобосу № 1, тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык мекемелердин атайын жана жүк ташуучу, эл ташуучу авто унаалары, тракторлору бар муниципалдык мекемелердин жетекчилерине күйүүчү майларды бекитилген токтомдун негизинде пайдалануу милдеттендирилсин.

3. Ушул токтом менен бекитилген жобого тиешелүү мекемелердин жетекчилерине мекемелердин балансындагы автотранспортторду толук техникалык кароодон өткөрүп жобону аткаруу үчүн шарт түзүү жагы милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.

5 .Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

6.Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.

Төрага

Н.Нишанов

Шаардык кеңештин төрагасы Шаардык кеңештин «05» март 2015 -жылдагы XXI –сессиясынын № 2- токтомуна № 1 тиркеме

Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык мекемелердин атайын жана жүк ташуучу, эл ташуучу авто унааларынын, тракторлорунун күйүүчү майларды пайдалануу үчүн

Жобо

1. Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык мекемелердин атайын жана жүк ташуучу, эл ташуучу авто унааларынын, тракторлорунун күйүүчү майларды пайдалануунун жобосу жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин жана муниципалдык менчиктеги автоунаалардын күйүүчү майларын пайдаланууга тийиш.

2. Жобонун аткаруунун негизги максаты атайын, жүк ташууч, жана эл ташуучу техникаларга куйулган күйүүчү майды үнөмдүү жана эффективдүү пайдалануу болуп саналат.

3. Жобонун аткарылышына ушул жобого тиешеси бар мекемелердин жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик алат.

4. Күйүүчү майларды пайдалануу тартиби № 1-тиркемеге ылайык жүргүзүлөт жана тиркеменин аткарылышы мекеменин техникаларга жооптуу кызматкерге (механигине) милдеттендирилет.

5. Айдоочу автоунаага күйүүчү май куюуу үчүн талон, электрондук карта же мекеменин атайын баракчасынын негизинде күйүүчү май куят.

6. Автоунааларды толтуруучу бекеттен (АЗС) күйүүчү май куюуу № 2-тиркемеге ылайык ишке ашат жана тиркемени толтуруу, пломба бастыруу ар бир май куйганда жүргүзүлөт, механиктин көзөмөлүндө айдоочуга жуктөлөт.

7. Күйүүчү май куюуу жайынан май куюлгандан кийин автоунааларды толтуруучу бекеттин кызматкери канча жана кандай күйүүчү май куйгандыгы тууралуу тастыктап, атайын баракчага кол коюп, пломба басат жана айдоочу автоунаага куюлган май анык экендиги жана пломба туура басылгандыгын тастыктап кол коет.

8. Эгерде пломба үзүлгөн болсо, №1-2- тиркеме талапка ылайык толтурулбаса куюлган май максатсыз жумшалды деп эсептелинет жана ушул жобонун 3-4-6-пункттарында көрсөтүлгөн кызматкерлер, жумушчулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

9. Эгерде жогорудагы автоунаалар жана тракторлор оӊдоп түзөө убагында күйүүчү майы түгөнүп калса жабылган пломбаны чечүү үчүн мекеменин ичинде атайын комиссия түзүлүп (комиссиянын бир мүчөсү мэриянын кызматкери болууга тийиш) комиссиянын протоколунун жана чечиминин негизинде күйүүчү май куюлат (чечимге конкреттүү негиз болуш керек).

10. Күйүүчү майга тендер жарыялаган учурда пломбаны сатып алуу жана өз убагында басып берүү күйүүчү май куйган тарапка (тендерди жеңип алган мекеме) жүктөлүүсү жөнүндө өзгөчө шарттарга киргизүү жагы сатып алуучу мекеме мелдеттүү.

11. Бул Жобо асфальт басуучу каток, асфальт төшөгүч, экскаватор жана тамандуу тракторлорго колдонулбайт.

Штамп

Бекитемин \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ «\_\_\_\_»\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_20\_\_\_\_-ж.

Мекеме \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ аталышы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Айдоочунун дареги жана тел.номери

Жол барагы № «\_\_\_» \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20 \_\_\_ г.

Автоунаанын маркасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Мамлекеттик номери № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Айдоочу \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Фамилия, аты, атасынын аты Айдоочуга тапшырма\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Жүргөн көчөлөрү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Гараждан чыккан убактысы \_\_\_\_\_\_\_ саат \_\_\_\_ мин

Механик

Гаражга кайтып келген убактысы \_\_\_\_ саат \_\_\_\_ мин Механик

Автоунаа техникалык жактан оңдолгон абалда километраждын көрсөткүчү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ км. Жолго чыгууга уруксат. Механик \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ колу

Автоунаа техникалык жактан жүргөн абалда Кабыл алды: Айдоочу\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ колу Майдын чыгымы (күйүүчү)

л, кг

Жумуш башталган убактагы километраждын көрсөткүчү

Болжол менен калган калдык

Кайра куюлду

Заправкалоо баракчасынын №\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Автоунааны кабыл алды. Гаражга кайтып келгендеги километраждын көрсөткүчү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ км.

Кечигүү, жолдо туруп калуу, гаражга кирүү ж.б.

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Айдоочу автоунааны тапшырды \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

М.П. колу

Калдык ……………………….

Чыгым: норма боюнча ………..

факт ..…..

үнөмдөлгөнү ……………………...

Ашыкча чыгым ……………………

Автоунаанын кабыл алды. Гаражга кайтып келгендеги километраждын көрсөткүчү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ км. Механик\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ колу

Күйүүчү май куйуу жана пломба басуу үчүн табель

№

Майдын аталышы

өлчөмү

пломбу

Автозаправканын кызматкеринин колу

Айдоочунун колу

Дата

1

Басылды

Ачылды

2

Басылды

Ачылды

3

Басылды

Ачылды
