Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кыргыз–Ата айылдык кеңешинин «Кыргыз-Ата айылдык округунда 2013-2017-жылдарга карата экономиканын өнүгүүсүнүн стратегиясын болжолдуу программасын бекитүү жана ветеринардык жабдууларды, перепараттарды алууга акча каражатын кароо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VI-сессиясы
2013-жылдын 7-майы № 6-4 Кыргыз-Ата айылдык округунда 2013-2017-жылдарга карата экономиканын өнүгүүсүнүн стратегиясын болжолдуу программасын бекитүү жана ветеринардык жабдууларды, перепараттарды алууга акча каражатын кароо жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округунда 2013-2017-жылдарга карата экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясынын болжолдуу программасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 187-токтомуна ылайык, Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын 2013-жылдын 6-майындагы № 52-катына негиз ветеринардык жабдууларды, перепараттарды алуу боюнча маселени угуп жана талкуулап, кошумчалар менен Кыргыз-Ата айылдык округдук Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округунда 2013-2017-жылдарга айылдык округунун экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясынын болжолдуу программасы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги №187-токтомуна жана Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын 2013-жылдын 6-майындагы№52-катына негиз айыл өкмөтүнүн бюджетинин 704-айыл чарба бөлүмүнүн түрдүү чыгымдар статьясынан ветеринарларды колдоо максатында жабдууларды жана перепараттарды сатып алууга76932 сом акча каражатына уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кыргыз-Ата айылдык округуна милдеттендирилсин.
Кыргыз–Ата айылдык кеӊешинин төрагасы
К. Назарбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.