Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Өзгөн шаардык кеңешинин “Өзгөн шаардык Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер О. Мусаевтин, Ш. Турдуевтин жана С. Накыевтин мандатын бекитүү жөнүндө” токтому
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Өзгөн шаардык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы
2014-жылдын 24-декабры № 16/1 “Өзгөн шаардык Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер О. Мусаевтин, Ш. Турдуевтин жана С. Накыевтин мандатын бекитүү жөнүндө” Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 7-октябрындагы № 27 чечимин бекитүү тууралуу» 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 126 токтомунун негизинде ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 126 токтомунун 2-тиркемесине ылайык КСДП партиясынан Мусаев Ойбек Анварбекович, Турдуев Шухратбек Хабибуллаевич, «Ата-Мекен» социалисттик партиясынан Накыев Сейитбек Талайбековичтер Өзгөн шаардык кеңешинин шайланган депутаттары деп таанылсын жана алардын депутаттык мандаты бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 126 токтомунун 1-тиркемесине ылайык КСДП партиясынын тизмеси боюнча шайланган Шоробидинов Абзалидин жана Тиллабаев Юлдашбай Кочкорович, «Ата-Мекен» социалисттик партиясынын тизмеси боюнча шайланган Тешебаев Хусан Гулямовичтердин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы эске алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык Кеңешинин төрагасы
А. Насиров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.