# Кара-Бак айылдык кеңешинин 2014-жылдын 21-июлундагы № 01-7/29 "Кара-Бак айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, этика, жаштар, коомдук, саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштоо» боюнча туруктуу комиссиясын мониторинг иш-чараларды регулярдык түрдө өткөрүүнү милдеттендирүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кара-Бак айылдык кеңешинин 2014-жылдын 21-июлундагы № 01-7/29 "Кара-Бак айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, этика, жаштар, коомдук, саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштоо» боюнча туруктуу комиссиясын мониторинг иш-чараларды регулярдык түрдө өткөрүүнү милдеттендирүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 01-7/29
- Дата принятия: 21.07.2014
- Статус: Действует
- Редакция от: 21.01.2014
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/222886>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-20430/edition/624398/ru>

> Текст приведён по редакции от 21.01.2014 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Бак айылдык кеңешинин 2014-жылдын 21-июлундагы № 01-7/29 "Кара-Бак айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, этика, жаштар, коомдук, саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштоо» боюнча туруктуу комиссиясын мониторинг иш-чараларды регулярдык түрдө өткөрүүнү милдеттендирүү жөнүндө" токтому (ред. от 21.01.2014) - https://aqlex.ai/kg/doc/222886

---

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 21-июлу № 01-7/29 Кара-Бак айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, этика, жаштар, коомдук, саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштоо» боюнча туруктуу комиссиясын мониторинг иш-чараларды регулярдык түрдө өткөрүүнү милдеттендирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамга ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы ПЖ №215 «Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдардын (ЖӨӨБО) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн деңгелин жана сапатын, Кара-Бак айыл аймагында ишке ашырылып жаткан долборлордун жана программалардын эффективдүүлүгүн жана сапатын мониторинг жүргүзүүнү, ошондой эле айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын, Кара-Бак айыл кеңешинин чечимдерин жана башкаландын ишке ашыруусун контролдоону коомчулуктун кеңири катышуусунун негизинде аткаруу үчүн Кара-Бак айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, этика, жаштар, коомдук, саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштоо» боюнча туруктуу комиссиясынын милдеттирине мониторинг иш-чараларды регулярдык түрдө өткөрүү функциясы жүктөлсүн.

2. Кара-Бак айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, этика, жаштар, коомдук, саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштоо» боюнча туруктуу комиссиясынын аталышы «Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, коомдук мониторинг жана этика, жаштар, коомдук, саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштоо» боюнча туруктуу комиссиясы деп өзгөртүлсүн.

3. Кара-Бак айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, коомдук мониторинг жана этика, жаштар, коомдук, саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштоо» боюнча туруктуу комиссиясы мониторинг иш-чараларды жүгүзүүдө коомчулуктун өкүлдөрүн кеңири тартуу тийиш.

4. Кара-Бак айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, коомдук мониторинг жана этика, жаштар, коомдук, саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштоо» боюнча туруктуу комиссиясы мониторинг иш-чаралардын жыйынтыгын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн жалпы чогулушуна (элдик курултайына) жылына эки жолу (зарылдык болуп калса квартал сайын) алып чыгышы милдеттүү.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы «Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, коомдук мониторинг жана этика, жаштар, коомдук, саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштоо» боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы К.Камиловго милдеттендирилсин.

Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасы

А. Каламбеков
