Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Алтын-Булак айылдык кеңешинин “Бюджеттик мекемелердин жана айыл калкынын 2013-2014-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө” токтому
АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Алтын-Булак айылдык Кеңешинин IV сессиясынын III чакырылышы
2013-жылдын 22-ноябры № 10 “Бюджеттик мекемелердин жана айыл калкынын 2013-2014-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө” Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы -башкы бухгалтер Э.Маматовдун 2013-2014-жылдарынын күз-кыш мезгилине даярдыктар жөнүндөгү маалыматын угуп, Алтын-Булак айыл Кеңешинин кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттөгү бюджеттик мекемелердин жана калкынын 2013-2014-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдыгы, отун көмүр менен камсыз болуунун абалы боюнча баяндамасы маалымат катары кабыл алынсын.
2. Айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Э.Маматов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 289 “ 2013-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдары үчүн электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана суу агындыларын чыгаруунун лимитин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген, район тарабынан белгиленген лимиттен ашып кетпешин такай көзөмөлгө алсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Кеңешинин “ бюджет, финансы-экономика боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Алтын-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы
С. Саипов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 27 мая 2013 года № 289 "Об утверждении лимита потребления электрической, тепловой энергии, природного газа, воды и отвода стоков для бюджетных…Постановление · 27.05.2013 · № 289 · Утратил силу