# Алтын-Булак айылдык кеңешинин 2013-жылдын 15-мартындагы № 1-1 “Алтын-Булак айыл Кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Алтын-Булак айылдык кеңешинин 2013-жылдын 15-мартындагы № 1-1 “Алтын-Булак айыл Кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1-1
- Дата принятия: 15.03.2013
- Статус: Действует
- Редакция от: 15.03.2013
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/222338>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-19959/edition/613869/ru>

> Текст приведён по редакции от 15.03.2013 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Алтын-Булак айылдык кеңешинин 2013-жылдын 15-мартындагы № 1-1 “Алтын-Булак айыл Кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө” токтому (ред. от 15.03.2013) - https://aqlex.ai/kg/doc/222338

---

АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Алтын-Булак айылдык Кеңешинин II сессиясынын III чакырылышы

2013-жылдын 15-марты № 1-1 “Алтын-Булак айыл Кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралында “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип,2013-жылдын 1-мартында мыйзам күчүнө киргендигинин, “Ченемдик укуктук тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет” деп көрсөтүлгөндүгүнө негиз жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Алтын-Булак айыл кеңешинин кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 Айыл Кеңешинин аймагында жашаган адамдардын көпчүлүгү мамлекеттик тилди билгендиктен айыл Кеңешинин кезектеги сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилсин.

2. Айыл Кеңешинин кезектеги сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилгендиктен токтомдорду расмий тилде которбой Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы аркылуу Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Кеңешинин “мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Алтын-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы

С. Саипов
