# Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2014-жылдын 4-декабрындагы № 3 “Жалал-Абад шаарынын №18 «Манас-1000» орто мектебинин аталышын өзгөртүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2014-жылдын 4-декабрындагы № 3 “Жалал-Абад шаарынын №18 «Манас-1000» орто мектебинин аталышын өзгөртүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 18
- Дата принятия: 04.12.2014
- Статус: Действует
- Редакция от: 04.12.2014
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/222243>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-19865/edition/609074/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.12.2014 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2014-жылдын 4-декабрындагы № 3 “Жалал-Абад шаарынын №18 «Манас-1000» орто мектебинин аталышын өзгөртүү жөнүндө” токтому (ред. от 04.12.2014) - https://aqlex.ai/kg/doc/222243

---

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жалал-Абад шаардык кеңешинин XIX сессияснын VI чакырылышы 2014-жылдын 4-декабры № 3 “Жалал-Абад шаарынын № 18 «Манас-1000» орто мектебинин аталышын өзгөртүү жөнүндө” Жалал-Абад шаарында географиялык аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү боюнча жобосунун негизинде жана социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Эрматовдун баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XIX-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаарында географиялык аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү жобосуна ылайык Тайгараев аймактык башкармалыгына караштуу “Манас-1000” жылдыгы атындагы № 18 орто мектебине КР улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкери, полковник Асанов Бакытбек Амангелдиевичтин ысымы ыйгарылсын.

2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине макулдашуу үчүн жиберүү жагы Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (Н.Эрматов) жүктөлсүн.

5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жалал-Абад шаардык Кеңештин төрагасы

Н.Нишанов
