# Жоош айылдык кеңешинин 2014-жылдын 23-августундагы № 10/2-13 “Жоош айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Жоош айылдык кеңешинин 2014-жылдын 23-августундагы № 10/2-13 “Жоош айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 10/2-13
- Дата принятия: 23.08.2014
- Статус: Действует
- Редакция от: 23.08.2014
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/221661>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-19285/edition/598493/ru>

> Текст приведён по редакции от 23.08.2014 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жоош айылдык кеңешинин 2014-жылдын 23-августундагы № 10/2-13 “Жоош айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому (ред. от 23.08.2014) - https://aqlex.ai/kg/doc/221661

---

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VIII-сессиясы

2014-жылдын 23-августу № 10/2-13 “Жоош айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы №462 “Стимулдук гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндөгү” токтомуна ылайык, долбоорлор конкурсунун жыйынтыгы менен 2014-жылдын 4-июнундагы Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин алдындагы комиссиясынын чечиминин негизинде, Жоош айыл өкмөтүнө караштуу № 42 Маданият орто мектебинин оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү максатында Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезексиз Х -сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Маданият айылындагы № 42 Маданият орто мектебинин оңдоо-курулуш иштерине каржылануучу 3358091 сомдук стимулдук гранттын 650000 сому Жоош айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин салымы болуп эсептелинсин..

2. Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Т.Кадырбекованын билдирүүсүнүн негизинде Жоош айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бекитилген бюджетинин “Турак-жай жана кызматтар” тармагында каралган 650,0 (алты жүз элүү) миң сому “Билим берүү” тармагына которулсун.

3. Көрсөтүлгөн 650000 сомдук акча каражаты 2014-жылдын 14-июлундагы №42 Маданият орто мектебинин оңдоо-курулуш иштерине жарыяланган тендерден утуп чыккан “Сити Комплекс” ЖЧК райондук казына бөлүмү аркылуу которулуп берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жоош айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы

К.Бердикулов
